Новости Beeline Кыргызстан в RSS
Beeline «MMS-позитив» акциясы
абоненттери 20 акысыз MMS ала алышат. «MMS-позитив» акциясына
кошулуп, MMS-билдирүүлөр аркылуу досторуңуз жана жакындарыңыз менен
сүрөттөр, обондорду бөлүшүңүз. Акция «MMS-позитив» акциясы 2012-жылдын
14-майынан 14-июнуна чейин уланат. акысыз MMS топтомун кошуп алуу
үчүн *514#1# командасын териңиз. Канча акысыз MMS калганын билүү
үчүн *514# терүү керек. MMS топтомдун иштөө мөөнөтү –
Beeline «Статус» эксклюзивдүү тарифтик пландары
клубдардын биринде Beeline жаңы продукттары «Күмүш», «Алтын» жана
«Алмаз Статусу» тарифтик пландарынын бет ачары болуп өттү.
Майрамдын меймандары жаңы продукттун артыкчылыктары менен гана
таанышып тим болбостон, анын алгачкы ээлери да болушту. Конкурс
жана викториналарга катышкан меймандар жаңы тарифтик пландын
SIM-карталары, брендделген девайстар жана эксклюзивдүү тарифтик
пландарды компаниянын кеңселеринен өзгөчө шарттарда сатып алууга
мүмкүнчүлүк берүүчү сертификаттарга ээ болушту. Ошондой эле, «Алмаз
Статусу» ТП алтын номери менен SIM-карталары аукционго коюлуп,
түшкөн каражат Beeline камкордукка алган Эне жана баланы коргоо
улуттук борборунун Гематология бөлүмүнө жеткирилет. «Статус» тарифтик пландары – чексиз
баарлашуу мүмкүнчүлүгү. «Кумуш Статусу» – түйүн ичинде мүнөтүнө
болгону 65 тыйындан сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү. «Алтын Статусу» – түйүн
ичинде чектөөсүз. Айына 690 сом абоненттик төлөмгө кардарлар түйүн
ичинде мүнөттөр жана SMS, ошондой эле интернет трафик топтомун
алышат. «Алмаз Статусу» ТП – бул чектөөсүз чалуулар жана кызматтар.
«Алмаз Статусу» ТП комплектине алтын номур, Кыргызстандын бардык
уюлдук түйүндөрүнө чалуулар жана SMS, ошондой эле интернет трафик
топтому кирет. Абоненттик төлөм айына 2490 сом.
Жаңы тарифтик пландар жөнүндө толук маалыматты
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналган Beeline акцияларынын жыйынтыгы
SMS-акциясы аяктады. Акция Beeline абоненттеринен Улуу Ата Мекендик
согуштун ардагерлерин колдоо фондуна ыктыярдуу тартипте акча
каражатын чогултууга арналат. 26-марттан тартып акцияга алты миңден
ашык абонент катышып, 1945 номуруна «Помним» сөзү менен SMS
жөнөтүшкөн. Натыйжада бардык салыктар алынгандан кийин 121 800 сом
чогулган. Beeline абоненттер чогулткан суммага кошумча каражат
бөлүп, жакынкы убакытта өлкө ичинде ардагерлерге
тапшырат. Ошондой эле ардагерлерди куттуктоо
алкагында бүткүл өлкө ичинде «Акысыз байланыш күнү» салттуу
кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү. 7-майдан 9-майга чейин бардык
Beeline Сатуу жана тейлөө кеңселеринде жана 9-майды майрамдоо
учурунда борбор калаадагы Жеңиш аянтында жана аймактардагы
борбордук аянттарда Beeline кызматкерлери ардагерлерге дүйнөнүн
каалаган өлкөсүндөгү өз жакындарына жана полктошторуна телефон
чалып, майрам менен куттуктоого мүмкүнчүлүк беришти. Бул убакыт
аралыгында 120дан ашык чалуу аткарылып, эң көп чалуулар Россия жана
Beeline S7 Slim планшетин сатып алганда бир ай чектөөсүз интернет.
планшет компьютерин сатып алганда компаниянын абоненттери бир
чектөөсүз интернет алышат! Жеңил жана эргономикалуу Beeline S7 Slim
планшети иштөө жана көңүл ачууда мыкты жардамчы боло алат.
диагоналы 7 дюйм болгон Multi Touch колдоосу менен дисплей
Интернетте саякаттоо жана электрондук почта менен иштөө дагы
ыңгайлуу болуп калды. Планшет Android операциялык системасы менен
жабдылып, Wi-Fi жана кошо орнотулган GPS навигатор Интернетте
иштөөнүн бардык артыкчылыктарын баалоого мүмкүндүк
берет. Акция жөнүндө толук маалымат
Beeline акысыз байланыш күнү
бардык Beeline Сатуу жана тейлөө кеңселеринде «Акысыз байланыш
күнү» салттуу кайрымдуулук акциясы өтөт. Бул акциянын алкагында
Beeline кызматкерлери ардагерлерге өз жакындарына жана
полктошторуна телефон чалып, майрам менен куттуктоого мүмкүнчүлүк
беришет. Ошондой эле борбор калаадагы Жеңиш аянтында
жана аймактардагы борбордук аянттарда 9-майды майрамдоо учурунда
Beeline палаткалары коюлуп, «Акысыз байланыш күнү» акциясы өтөт.
Бул күнү ардагерлер өз полктошторун Жеңиш майрамы менен куттуктай
Beeline'дан «SMS-Бум»
0,9 дан 3,9 сомго чейинки абоненттик төлөм алуу менен Beeline КР
түйүнү ичинде SMS жөнөтүүгө 20% дан 80% га чейин арзандатуу алуу
мүмкүнчүлүгүн берет. Акцияга кошулуу үчүн өз телефонуңуздан
*332# терип, менюдан алына турган арзандатуунун өлчөмүн тандап
алыңыз. 20% өлчөмүндөгү арзандатуу алуу үчүн күнүнө 0,9 сом
абоненттик төлөм алынат. Ал эми 40% үчүн- 1,9 сом/күнүнө, 60% - 2,9
«Эне Тил» долбоорунун биринчи этабы аяктады
миллиондон ашык сөздүн котормосу киргизилди. Мындай зор маалымат
базасын текшерүү жана тестирлөөнү Google Translate иштеп
чыгаруучуларынын командасы ишке ашырды. Маалымат базасынын бардык
аракеттеги ченемдерге дал келүүсү «Кыргыз тили Google Translate`те»
долбоорунун экинчи этабына даярдык көрүп баштоого мүмкүнчүлүк
берет. Долбоор алкагында кыргыз тилиндеги интернет-баракчаларынын
санын көбөйтүү жана «Википедия» көп тилдүү
интернет-энциклопедиясына кыргыз тилинде материалдарды кошуу боюнча
иштерди жүргүзүү мерчемделүүдө. «Кыргыз тили Google Translate`те» долбоору
«ISOC Кыргыз Интернет Жамааты» КФнын интернет технологияларда
кыргыз тилин колдоо комплекстүү программасынын бир бөлүгү.
Долбоордун негизги максаты бүткүл дүйнөгө кеңири таанымал «Google
Translate» тексттер менен веб-баракчаларды которуучу акысыз
Beeline жаңы кеңсесинин ачылышы
Сатуу жана тейлөө кеңсесин ачты. Кант шаарындагы кеңсе филиал
тармагын өнүктүрүү долбоорунун алкагында ачылган
40-кеңсе. Жаңы кеңседе ыңгайлуу тарифтик пландары
менен SIM-карталарды, Интернетке жеңил жана жогорку ылдамдыкта
кирүү үчүн Beeline 3G-модемдерин, Дүйнөлүк желеге бир эле убакта
бир нече түзүлүштү туташтыруу мүмкүнчүлүгүн берүүчү Wi-Fi роутерин,
брендделген телефондорду сатып алууга болот. Ошондой эле жеңил жана
эргономикалуу Beeline S7 Slim планшети бар. Ал Android операциялык
системасы менен жабдылып, иштөө жана көңүл ачууда мыкты жардамчы