Android негизиндеги жаңы Beeline S7 Slim
көп функционалдуу планшет компьютерин сиз каалаган
Beeline Сатуу жана тейлөө кеңсесинен сатып алсаңыз
болот.
Beeline S7 Slim жеңил жана эргономикалуу планшети – иштөө жана
көңүл ачууга арналган. Multi Touch мүмкүнчүлүгү бар чоң сыйымдуу
дисплей аркасында Интернетте саякаттоо, электрондук почта менен
иштөө ноутбуктан иштөө сыяктуу эле ыңгайлуу болуп
калды. Android операциялык системасы менен
жабдылган планшет бардык Google кызматтары менен иштейт, ошондой
эле көптөгөн Android Market оюндары жана тиркемелери дагы
жеткиликтүү. Android Market тиркемелери Beeline S7 Slim
планшетин өз керектөөлөрүңүзгө жараша тууралап, толук кандуу
иштөө, баарлашуу жана көңүл ачуу үчүн аспапка айлантып алууга
мүмкүнчүлүк берет. Планшеттен сүйүктүү обондорду угуу,
HD сапатындагы фильмдерди көрүү жана Интернет тармагынан жаңы
контент жүктөп алуу жеңил.

Баасы
| Планшеттин баасы | 16990 сом |
| Баштапкы баланс | 60 сом |
Баалар КНС жана СС эске алынып
берилди.
Beeline S7 Slim комплектисинин курамы:
- Планшет компьютери
- Кулакчындар
- USB тойгузма түзүлүш/Дата-кабель
- Батарея
- Пайдалануучунун колдонмосу
- Кепилдик талону
- «Фристайл» тарифи жана 60 сом баштапкы
балансы менен Beeline SIM картасы
Бул моделге 12 айга кепилдик берилет.
Көңүл буруңуз! Бул телефон Beeline SIM карталары менен гана иштейт!
Beeline S7 Slim техникалык мүнөздөмөлөрү
Түзүлүштүн функциялары:Компьютер Аккумулятор:Li-Ion Аудио:MIDI, AAC, WAV, AMR ойнотуу Видео:Видео форматтары: 3gp, mp4, AVI Өткөргүчсүз байланыш:2G: GSM 900/1800 МГц Дисплей:Сенсордук экран: Touch, сыйышуучу |
Эс тутум:32 Гб чейинки эс тутум карталарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү Эс тутум картасы:MicroSD Корпус:Бүтүн Разъемдор:Mini USB Камера:Негизги камера: 3,2 Мп |
Өлчөмү жана салмагы:
Туурасы: 109.5 мм Кызматтар жана тиркемелер:АОН Комплектиде:Компьютер |



