Көңүл буруңуз: мобилдик алдамчылык!
Акыркы учурда мобилдик алдамчылык учурлары көп болуп жатат. Sky
Mobile Компаниясы өз абоненттерин мындай учурлардан алдын ала
эскертип, сактыкка чакырат. Бул бөлүмдө алдамчылыкты кеңири
таралган түрлөрү келтирилген. Бул маалыматты кунт коюп
окуп, провокацияларга моюн бербөөгө аракет
кылыңыздар, ошондой эле өз туугандарыңыз жана жакындарыңызды
эскертип коюңуздар.
«Байгелерди» ойнотуу
Эгерде сизге Sky Mobile компаниясынын атынан чалып, же SMS жиберип
кандайдыр бир техника, машина, квартира ж.б. утуп алганыңыз жөнүдө
кабарлашып жана өз байгеңизди алуу үчүн Бирдиктүү Төлөм
Картасынын жашыруун кодун жөнөтүүнү сурагандар алдамчылар
экенин эскертебиз!
Эмне кылуу керек:
Сак болуңуз — картанын жашырын кодун эч качан билдирбеңиз жана
белгисиз телефон номурларына SMS аркылуу жөнөтпөңүз.
Маалымат үчүн:
Sky Mobile Компаниясы (Beeline соода маркасы) төлөм картасынын жашырын кодун жиберүү менен байланышкан эч кандай жарнак акцияларын өткөргөн эмес жана өткөрбөйт.
Компания өткөрүп жаткан бардык акциялар жөнүндө Beeline абоненттери www.beeline.kg сайтынан же абоненттерди колдоо борборуна төмөнкү телефондорго чалып билсе болот:
![]()
![]()
![]()
(чалуу
акысыз)![]()
![]()
![]()
(чалууга акы төлөнөт, 35 сом)
Башка байланыш операторлорунун телефондорунан —![]()
![]()
![]()
-![]()
![]()
-![]()
![]()
![]()
Маалымат
катары:
Өткөрүлүп жаткан акциялар жана иш чаралар жөнүндө Sky Mobile
компаниясынын расмий SMS-билдирүүлөрү Beeline абоненттерине гана
жана Beeline атынан гана жиберилет.
SIM-карталарды клондоо
Алдамчылыктын
бул ыкмасы заманбап жабдууларды пайдалануу менен SIM-картаны
клондоп, бир канча убакыт бою акысы сиздин эсебинизден
чыгыштала турган чалууларды аткарууга мүмкүндүк
берет.
Эмне кылуу керек:
- Аппаратыңызды ремонт же сервистик тейлөөгө SIM-картаңызды чыгарып туруп бериңиз.
- Бөлөк адамдарга телефонуңузду SIM-картасы менен калтырбаңыз жана пайдаланууга бербеңиз.
Маалымат катары:
Эгер сиз телефонуңузду жоготуп алсаңыз же сиздин
эсебиңизден акча чыгышталып жатканын байкасаңыз, тезинен
Кардарларды колдоо борборуна кайрылыңыз:![]()
![]()
![]()
(чалуу
акысыз)![]()
![]()
![]()
(чалууга акы
төлөнөт, 35 сом)
Башка байланыш операторлорунун телефондорунан — ![]()
![]()
![]()
-![]()
![]()
-![]()
![]()
![]()
Көңүл буруңуз! Алдамчылардын иштери үчүн Sky Mobile компаниясы (Beeline соода маркасы) жооп бербейт.



